БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкекте “Гелендваген” жеңил унааны сүздү
06.10.2022 | 22:21
Бишкектин А. Токомбаев менен Н. Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуянын күбөлөрү билдиришти.
Алардын айтымында, “Гелендваген” унаасы катуу ылдамдыкта жол чырактын кызыл белгисине токтобой өтүп кетип, жеңил унааны сүзгөн. Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон жок. Алдын ала маалымат боюнча, унааны жашы жете элек жаран башкарып бара жаткан.
“Биз жөө өтмөктөн өтүп бара жатканбыз. Эгер жеңил унаа болбогондо, ал бизди сүзүп кетмек”, – деп билдирди окуянын күбөсү.
Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыгы тууралуу маалыматты тактап берерин билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом