Бишкекте IV Элдик курултай өз ишин баштайт: Президент Садыр Жапаров катышат
Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарында IV Элдик курултай башталат. Иш-чара эки күнгө созулуп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан шайланып келген 700 делегат катышат. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, жыйынга мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөйт.
Кечээ, 24-декабрда делегаттар Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери менен жолугушту. Анда эл өкүлдөрүнүн кайрылуулары багыттары боюнча тиешелүү ведомстволорго тапшырылды.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчуев белгилегендей, Курултай институту коомдо өз ордун тапты. “Башында анын зарылдыгы боюнча күмөн саноолор болгон. Азыр болсо Курултай элдин үнүн бийликке түз жеткирүүчү маанилүү аянтчага айланды”, – деди ал.
Элдик курултай 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жыйынды УТРК, ЭлТР жана облустук телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүү саат 10:00до башталат.