Бишкек шаарында күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдиришти.
Акыркы суткада борбор калаадагы күндүзгү жана түнкү стационарларга 3 миң 489 киши кайрылып, алардын16 сы ооруканага жаткырылган. Ал эми буга чейин күнүнө 5 миңге жакын киши кайрылып жаткан.