Бишкекте каналдан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-августта Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынан азиат түспөлүндөгү, жашы болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда териштирүү иштери башталган.