Бишкекте Казакстандын жараны 704,8 миң сом уурдоого шектелип кармалды

18.08.2023 | 12:36

Бишкекте батирге мыйзамсыз кирип, 704,8 миң сом уурдоого шектелип Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 2-майда Ч. Айтматов проспектисиндеги көп кабаттуу үйдөгү батирге белгисиз адамдар кирип, 704,8 миң сомду уурдап кеткен. Аталган факт боюнча үйдүн ээси милицияга кайрылган.

Арыздын негизинде милиция Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы М.Т. аттуу Казакстандын жараны кармалган. Ал буга чейин уурулук фактылары боюнча соттолгондугу белгилүү.

Учурда шектүү сот тарабынан №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр таркандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 559 102 855 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом, Окуялар
Scroll to Top