Бишкекте коменданттык саат учурунда 157 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын
коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм”, — Бишкектин коменданты Орозалиев.