Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бишкекте Комсомол көлү эс алуучулар үчүн ачылды
07.07.2025 | 14:38
Бишкектин Карагач токоюндагы Комсомол көлү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, көл күндүзү саат 10:00дөн 19:00гө чейин ачык болот.
Куткаруучулар эс алуучулардын коопсуздугу үчүн нөөмөттө турушат.
Мэрия тургундарды Комсомол көлүндө сүзүүнүн бир нече эрежелерин сактоого чакырды:
- Балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;
- Белгиленген жерден ары сүзүүгө болбойт;
- Мас абалында сууга түшүүгө болбойт;
- Баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;
- Кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;
- Сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Комсомол көлү