Шаардын чок ортосунда конок үйүнө жамынган сойкукана аныкталды

Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсү №9 дарегинде жайгашкан «Восток» конок үйүндө мыйзамсыз иш-аракеттер жүрүп жатканы аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, мейманкананын атына жамынып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген. Текшерүү учурунда жайдын абалы өтө начар болуп, антисанитардык шарттарда иш жүргүзүлүп жатканы, гигиеналык нормалар сакталбаганы аныкталды. Ошондой эле, айрым коноктор жана кызмат көрсөтүүчүлөр психотроптук заттарды колдонгону тууралуу маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар кошумча текшерилүүдө.
Интимдик кызмат көрсөткөндөр кармалып, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ошондой эле конок үйүнүн администраторлору аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
“16-август күнү аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштурган, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн шарт түзүп, андан киреше таап келген Канатбек Жумабеков кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары, «Восток» конок үйүнүн ээсинин да жоопкерчилиги каралууда”,-деп айтылат маалыматта.