Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузуп, курулуш жүргүзүп жаткан ишкананын лицензиясы токтотулду

12.12.2025 | 14:41

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан “Глав Тех Инвест” курулуш ишканасынын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда Бишкек шаарынын 10-кичи районунун №20а дарегинде аталган компания тарабынан курулуп жаткан 4 кабаттуу соода борборунда коопсуздук техникалык эрежелери бузулуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүүнүн натыйжасында ишканага карата административдик акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, жазуу түрүндө эскертүү берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулган.

Бирок аталган ишкана берилген жазма буйрукту аткарбагандыгы жана мыйзам бузууларды жойбостон курулуш ишин уланткандыгы белгилүү болгон. Мындан улам 11-декабрда ишканага кайрадан административдик айып салынып, курулуш лицензиясы токтотулган.

Министрлик бардык курулуш уюмдарына “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын жана курулуштагы коопсуздук техникалык нормаларын толук сактоо зарылдыгын эскертти.

Scroll to Top