БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкекте кош бойлуу аял кайгуул кызматынын унаасында көз жарды
26.09.2025 | 19:30

Бүгүн, 26-сентябрда, эртең менен Бишкек шаарында кош бойлуу аял милиция кызматкеринин унаасында көз жарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, төрөт үйүнө бара жатканда жолдо аялдын толгоосу башталып, ал кайгуул кызматынын унаасында көз жарган. Кайгуул кызматкерлери эне менен жаңы төрөлгөн ымыркайды ыкчам түрдө төрөт үйүнө жеткиришкен. Ал жерде аларга керектүү медеициналык жардам көрсөтүлгөн.
Кайгуул кызматы учурда эне менен баланын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар