Бишкекте КР жарандарын Жакынкы Чыгыштан эвакуациялоо планы талкууланды – ТИМ

01.04.2026 | 18:10

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо планын ишке ашыруу маселелери боюнча ыкчам штабдын жыйыны өттү, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аймакта кырдаал начарлап кеткен шартта ыкчам өз ара аракеттенүү чараларын талкуулашты.

«Куралдуу кагылышуу аймагында жүргөн жарандардын аярлуу катмарынын коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле чет өлкөгө чыгып жаткан КР жарандарын эсепке алуунун бирдиктүү механизмин түзүү жана ишке тартылган мекемелердин ортосундагы координациянын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да өркүндөтүү зарылчылыгы белгиленип, планды ишке ашыруунун негизги багыттары аныкталды.

Scroll to Top