Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча менен кармалды

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча менен кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Министрлик билдиргендей, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине «Баха» аттуу жаран курал сатууга аракет кылып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган жаранды кармоо үчүн атайын операция уюштурулуп, шектүү катары 43 жаштагы Б.Э. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. ИИМдин маалыматы боюнча, ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Талас облусун караган адам болуп чыккан.

Аны тинтүү учурунда номери өчүрүлгөн Макаров тапанчасы жана 7 грамм болгон «нашаа» баңгизаты табылып алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>