Бишкекте “Кыргызстан ЭКСПО 2025” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 24–25-октябрында Бишкек шаарында “Кыргызстан ЭКСПО 2025” аттуу эл аралык көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан экономикасына инвестиция тартуу, экспортту илгерилетүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негизги ишкердик аянтча болот.
Көргөзмө өнөр жай, айыл чарба, энергетика, логистика, IT, курулуш, билим берүү, медицина, финансы жана башка экономиканын негизги тармактары боюнча уюштурулат.
Иш-чаранын программасына төмөнкүлөр кирет:
- Продукциялар менен кызматтарды таанытуу;
- B2B жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр;
- Макулдашуулар менен меморандумдарга кол коюу;
- Бизнес жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан талкуулар.
Соода-өнөр жай палатасы ишканаларды, инвесторлорду жана ишкердик ассоциацияларды көргөзмөгө катышууга чакырды.
Иш-чаранын уюштуруучусу: Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Кыргызэкспоборбору.
Өткөрүү орду: Бишкек шаары, Кичи Арена
Байланыш номерлери: +996 (312) 610120, +996 554 881777, +996 501 124321
Email: kyrgyzexpo@cci.kg