Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Бишкекте күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт
05.01.2025 | 09:46
Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-11-январь күндөрү грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионатка бардык аймактардан спортчулар катышат.
Грек-рим күрөшү боюнча балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг салмакта күч сынашат.
Эркин күрөш боюнча балбандар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг салмакта күч сынашат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар