Бишкекте кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун жаңы ыкмалары талкууланууда
Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган алтынчы илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын негизги темасы — эскертүү жана чара көрүү боюнча улуттук системага инновацияларды жана эл аралык тажрыйбаны киргизүү.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов белгилегендей, министрлик заманбап мониторинг жана эрте эскертүү технологияларын жигердүү киргизүүдө, коомдук даярдыкты жакшыртууда жана мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоодо.
«Биздин максат – ар бир жаран коопсуздукту камсыздоодо өзүнүн ролун түшүнгөн, ар кандай чакырыктарга даяр, туруктуу мамлекетти куруу», — деп баса белгиледи ал.
Конференцияда ошондой эле эл аралык тажрыйбаны интеграциялоо, өнөктөштөр менен кызматташтык жана жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү коркунучтарга туруктуулукту жогорулатууга багытталган долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланууда.