Бишкекте мас айдоочу менен жүргүнчү милицияга каршылык көрсөтүп, таяк жеген (видео)

Бишкекте мас айдоочу менен жүргүнчү милицияга каршылык көрсөтүп, таяк жеген (видео)

Бишкектин милициясы кайгуул кызматкерлери эки жаранды күч колдонуп кармап жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 3-сентябрда түнгө жуук болгон. Кайгуул кызматкерлери Махатма Ганди көчөсү менен бараткан «Ниссан Примера» унаасын токтоткон. Айдоочу токтогон эмес. Мындан улам кайгуул кызматкерлери алардын артынан түшүп, айланма жолдогу май куюучу жайдан кууп жеткен. Унаа токтотулгандан кийин айдоочу менен жүргүнчү мас экенин көрүп, айдоочуну текшерүүдөн өткөрүү үчүн Наркология борборуна алып кетели деген. Бирок айдоочу менен жүргүнчү милиционерлерге баш ийбей, албууттана баштаган. Ага байланыштуу кайгуул кызматкерлери (мыйзамга ылайык) күч колдонгон.

Соңунда айдоочу текшерүүдөн өткөрүлүп, ичимдик ичкени аныкталган. Ага Укук бузуулар кодексинин 193-беренеси (мас абалында унаа башкаруу) боюнча протокол түзүлгөн. Андан тышкары анын жаныдагы жүргүнчүгө «майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, ал соттун чечими менен 3 күнгө камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>