Бишкекте медициналык шаарча курулуп, мамлекеттик ооруканалар көчүрүлөт

26.08.2025 | 11:35

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкектин четинде ири медициналык шаарча курулат. Документте бул долбоор стратегиялык мамлекеттик милдет катары белгиленди.

Маалыматка караганда, каржылоо мамлекеттик ооруканалардын имаратын сатуу (ачык менчиктештирүү), жеке инвестициялар жана эл аралык уюмдардын каражаттары аркылуу жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда бюджеттен да кошумча каражат каралат.

Мамлекеттик ооруканалар жаңы шаарчага этабы менен көчүрүлөт. Долбоорду президенттин Иш башкармалыгы жетектеп, Министрлер кабинети шаарчанын концепциясын иштеп чыгып, жер тилкесин жана көчүрүлө турган ооруканалардын тизмесин аныктайт.

Ошондой эле шаарчага көчүрүлгөн мекемелердин “улуттук” статусу жана кызматкерлердин маянасына кошулган үстөк акылар толук сакталат.

Белгилей кетсек, жаңы медициналык шаарчаны Бишкектин түштүк-чыгышындагы Кара-Жыгач айылына жакын 106 гектар жерге куруу пландалууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top