Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
Кыргызстандык делегация «Краснодар» футбол клубунун ишмердүүлүгү менен таанышышты
26.08.2025 | 11:12

Кыргызстандын футбол клубдарынын өкүлдөрү жана Кыргыз футбол биримдигинин делегациясы россиялык «Краснодар» футбол клубунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Иш сапар алкагында делегация «Краснодар» – «Сочи» оюнун көрүп, “Краснодар” академиясынын инфраструктурасы жана инновациялык технологиялары менен таанышкан. Ошондой эле клубдун машыктыруучулук жана административдик курамы менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, тараптар кыргызстандык машыктыруучулар жана футболчулар үчүн Орусияда стажировкаларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт