Бишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 18 соода күркөнү (павильонду) бузуу иштери жүрүп жатат. Алардын ичинен 13ү Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде, ал эми 5и Шопоков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Атай Муратбектин айтымында, жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык бул объекттер боюнча ижара келишимдери токтотулган. Мурда эле ишкерлерге муниципалдык жер тилкесин бошотуу тууралуу эскертүүлөр берилген.
«Айрым жарандар биздин талаптарды аткарган жок», — деди Муратбек.
Ал белгилегендей, бул иштер Бишкек мэриясынын мектептердин айланасын көрктөндүрүү боюнча токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.
«Павильондор мектептердин жанына орнотулган. Алар бузулгандан кийин аймак көрктөндүрүлүп, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт», — деп кошумчалады ал.
Окуя болгон жерде айрым дүкөндөр дагы деле ишин улантып жатканы аныкталды. Кээ бир ээлер эскертүү албай калганын билдиришсе, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы эскертүүсүз демонтаж жүргүзүлбөйт деп түшүндүрдү.
Башкармалыктын Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Темирлан Сейдашовдун айтымында, эскертүүлөр 2025-жылдын 4-октябрында жети ишкерге берилген. Аталган объекттер №12 мектептин жанында жайгашкан.