Бишкекте милиционер тергөөчүгө тапанча кезеп, коркутканы кабарланды. ИИМ үн катты

Бишкекте милиционер тергөөчүгө тапанча кезеп, коркутканы кабарланды. ИИМ үн катты

Бишкекте милиция кызматкери ИИМдин тергөөчүсүнө тапанча кезеп, коркуткан деген маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы, Октябрь райондук милициясынын кызматкери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнө тапанча кезеп, коркутканы тууралуу жазган.

Басылмада айтылгандай, окуя кечээ, 10-сентябрда болгон. ИИМдин тергөөчүсү кесиптештери менен Бишкектин тургунунун үйүнө барып, анын унаасын алып кетмекчи болгон: аталган унаа бир кылмыш иш боюнча далил зат болуп эсептелген. Ошол учурда көчөгө аталган жарандын уулу чуркап чыгып, ИИМдин тергөөчүсүнө тапанча кезеген. Окуя жерине Октябрь райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу да барган. Натыйжада ИИМден келген кызматкерлер унааны алып кете алган эмес.

ИИМ басылмада айтылгандар боюнча билдиргендей, 10-сентябрда алардын тергөөчүлөрү шаардагы конуштардын бириндеги үйгө барып, тергөө амалдарын жүргүзгөн. Тергөө амалдары учурунда үй ээси менен тергөөчүлөрдүн ортосунда пикир келишпестик болгон. Үй ээси унааны өрттөп салуу ниетин билдирген.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барган. Ошондой эле тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан үйгө үй ээсинин тууганы болгон милиция кызматкери келген.

«Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан тергөөчүнү тапанча менен коркутуу болуп-болбогону боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп билдирет министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>