Бишкекте “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат

04.11.2025 | 11:55

Бишкектин Ленин районунда “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курула турганын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул борбор профессионалдык спортчулар жана улуттук курама командалар үчүн алгачкы адистештирилген комплекс болуп саналат. Борбордо кыргызстандык жана чет элдик спортчулар толук медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланып жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Борбордун ишке кириши менен спорттук уюмдардын чет өлкөдөгү дарылануу жана калыбына келүү чыгымдары азайып, спорттук даярдык диагностика, алдын алуу жана реабилитация ыкмаларын колдонуу аркылуу жогорулайт. Өзгөчө, профессионалдык жана жаштар командалары үчүн туруктуу медициналык коштоо, жаракат алуу коркунучун алдын алуу жана функционалдык калыбына келтирүү программалары уюштурулат.

Борбор ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын стандарттарына жооп берет. Анда лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык бөлмөлөр жайгашат.

Кыргыз футбол биримдиги борборду улуттук курамалардын бардык курактык топтору үчүн туруктуу медициналык база катары пайдаланууну пландаштырууда. Курулуштун аякташы 2026-жылга белгиленген.

Scroll to Top