Бишкекте мыкты троллейбус айдоочулары аныкталды

Бишкекте мыкты троллейбус айдоочулары аныкталды

Бишкек троллейбус башкармалыгы Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата “Мыкты айдоочу” сынагын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан сынакка тандалып алынган 16 троллейбус айдоочусу катышып, алардын ичинен 6 айдоочу финалдык баскычка чейин жетти.

Сынактын биринчи бөлүгүндө айдоочулар жол эрежелери жана троллейбустардын техникалык түзүлүшү боюнча экзамен тапшырышты, ал эми экинчи бөлүгүнө ийгиликтүү өткөн айдоочулар өз өнөрлөрүн троллейбусттун рулунда көргөзүштү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын мыкты айдоочусу болуп №4 троллейбустун айдоочусу Кубанычбек уулу Эдил аныкталды. Ал эми экинчи орунду №7 каттамдын айдоочусу Токтогазиева Гүлнүр жана үчүнчү орунду №11каттамдын айдоочусу Байматов Кубаныч ээледи.

Сынактын максаты — жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, айдоочулардын өз кесибин сүйүү, ишенип берилген техникага, жүргүнчүлөргө болгон сый мамилени күчөтүү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>