Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылды
26.08.2025 | 13:44

Борбор калаада пенсионерлер менен майыптыгы бар жарандар үчүн арзан баада азык-түлүк саткан алгачкы «Евразия» социалдык дүкөнү өз ишин баштады. Дүкөн Токтогул көчөсү, 146/1 дарегинде жайгашкан.
Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул калаа үчүн жакшы демилге экенин белгилеп, мындай иштерди улантуу зарылдыгын айтты:
«Бул багыттагы иштер жигердүү уланып, жыйынтыгын көрөбүз деп ишенем», — деди ал.
Белгилей кетсек, социалдык дүкөндөрдү ачуу демилгеси “Евразия” уюму менен түзүлгөн меморандумдун алкагында ишке ашууда. Уюмдун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова дагы бир нече ушундай дүкөн ачылаарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар