Бишкекте пенсионерлердин спартакиадасы өттү: 200гө жакын катышуучу күч сынашты

06.10.2025 | 19:25

Борбор калаада Эл аралык карылар күнүнө карата пенсионерлердин спартакиадасы өтүп, 200гө жакын катышуучу үч дисциплина боюнча күч сынашты: жеңил атлетика, стол тенниси жана шахмат. Бардык катышуучулар дене тарбия жана спортко медициналык уруксаты менен катышууга укуктуу болгон.

Жеңил атлетика Кемал Ататүрк паркында өтүп, эркектер 1000 метр, аялдар 500 метр аралыкка чуркашты. Жеңүүчүлөр мыкты убакыт боюнча аныкталды:

  • Эркектер: 1-О.Трифонов, 2-К.Берсенов, 3-Б.Стамалиев
  • Аялдар: 1-М.Телтаева, 2-Н.Трифонова, 3-Э.Смадярова

Стол теннисинин мелдеши Олимпиадалык резервдеги өспүрүмдөр спорт мектебинде өттү:

  • Эркектер: 1-К.Лобян, 2-Б.Мусаев, 3-В.Герасимов
  • Аялдар: 1-Э.Күрөңкеева, 2-У.Бапанова, 3-Ж.Тулобердиева

Шахмат турниринде эркектер жана аялдар өз категориялары боюнча күч сынашты:

  • Эркектер: 1-М.Джансаков, 2-Б.Шоматов, 3-Н.Сайпидинов
  • Аялдар: 1-А.Орозумбетова, 2-Пархоменко Л., 3-Ж.Төрөбекова

Жеңүүчүлөр медаль жана грамоталар менен сыйланышса, бардык катышуучулар активдүүлүгү жана сергек жашоого умтулуусу үчүн эстелик сыйлыктарга ээ болушту.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы менен Кыргызстан пенсионерлер партиясынын биргеликте уюштуруусу менен өткөрүлдү.

Scroll to Top