Бишкек шаарында жаракат алган жана кыймыл-аракет системасынын ооруларына чалдыккан жарандар үчүн ири медициналык борбордун курулушу жүрүп жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Улуттук травматология жана ортопедия борбору 500 орунга эсептелип, 34 500 чарчы метр аянтты камтыйт.
Борбордо жандандыруу, операция бөлмөлөрү, кабыл алуу жана амбулаториялык кызматтар, заманбап диагностикалык жабдуулар (МРТ, УЗИ, рентген ж.б.) каралат. Ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу спорттук жаракаттарга адистешкен бөлүм ачылмакчы.
Курулушка мамлекеттик бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөн. Учурда пайдубал куюу иштери жүрүп жатат, курулуш иштери 2026-жылга карата бүткөрүлөрү күтүлүүдө. Имаратта санитардык авиация үчүн тик учак конуучу аянтча да болот.
Борбордун директору Сабырбек Жумабековдун маалыматына ылайык, азыркы саламаттык сактоо мекемелери өсүп жаткан муктаждыкты толук камсыздай албай жатат. Ал эми жаңы борбор бул тармактагы олуттуу боштукту толтурууга багытталат.