Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлөт

Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлөт

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жалпы санитардык көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча облустук акимчиликтер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу жолугушууларга райондордун акимдери, үй-бүлөлүк дарыгерлер, райондук социалдык өнүгүү, билим берүү бөлүмдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, РИИБдин жана МТУнун кызматкерлери катышты.

Айжан Чыныбаева ар бир райондун өкүлдөрүнө коомдук жайларда санитардык рейддерди көбөйтүүнү, мекеме-ишканалардын, кафе-ресторандардын, соода түйүндөрүнүн жетекчилерине кызматкерлердин жана кардарлардын арасында санитардык ченемдерди милдеттүү түрдө сактоо жөнүндө эскертүү берүүнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>