Бишкекте ШКУнун экологиялык мекемелеринин жыйыны башталды

2-апрелде «Ынтымак Ордо» мамлекеттик резиденциясында экологиялык маселелерди тейлеген ШКУга мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин эки күндүк VII кеңешмеси башталды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев ШКУ форматындагы үзгүлтүксүз жолугушуулар катышуучу өлкөлөрдүн артыкчылыктуу багыттары төп келерин далилдей турганын белгиледи. Анын айтымында, экологиялык көйгөйлөр мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарынын бири бойдон калууда.
Кеңешменин катышуучулары курчап турган чөйрөнүн абалы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугуна, ошондой эле калктын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна түздөн-түз таасир этерин баса белгилешти.
Форумдун ишине Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген эксперттер катышууда. Пакистан жана Ирандын кызыкчылыктарын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери коргосо, Тажикстан менен Индиянын делегациялары талкууга онлайн форматта кошулушту.