Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарында сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш башталды.
Жөө жүрүштүн катышуучулары «Кыргызстан – эркин өлкө», «Азаттыкка» азаттык» деген ураандарды айтышууда.
Акцияга 100-200дөй адам катышууда. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин бара жатышат.
Кыргызстандагы көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары – Kaktus.media, Azattyk, Kloop медиаларын жабуу демилгеленип, 13-октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдында митинг өткөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз