Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте суу коргоо аймактарын тазалоонун алкагында «Кекеев» кафеси бузулду
20.01.2026 | 17:34
Борбор калаада жер жана суу мыйзамдарын бузуу менен жайгашкан объекттерди бузуу боюнча пландуу иш-чаралар уланууда. Кезектеги бузулган имарат түздөн-түз Аламүдүн дарыясынын нугунда жайгашкан «Кекеев» кафеси болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, бузуунун натыйжасында жалпы аянты 2 380 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Буга чейин Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалык жайдын ээлерине кат түрүндө доо-талап жөнөткөн. Андан соң менчик ээлери курулушту өз ыктыяры менен буза башташкан. Муниципалитеттин комиссиясы да бул тилкенин ижара келишимин жокко чыгаруу жөнүндө расмий чечим кабыл алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом