Бишкекте эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Бишкекте эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Бишкек шаарында 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Эстеликти ачуу аземи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери, замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлорунун катышуусунда болду.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Чокморовдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана анын улуу иштерин даңазалап, бизге анын баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү.

“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген сөз өлбөс-өчпөс учкул сөзгө айланып, Чокморов курч окуялуу ролдорду эле эмес, татаалдыгы, терең психологиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн образдарды да мыкты ойногон, кыргыз маданиятына кыл калем чебери катары да чоң салым кошкон, ал кыска өмүрүндө тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштабай аздектеген улуу талант болгон», деп баса белгиледи өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Байсалов кошумчалагандай, бул эстелик бүт өмүрүн искусствого, элге кызмат кылууга арнаган улуу инсанга ыраазычылыгыбызды жана урмат-сыйыбызды билдирүү максатында тургузулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>