Бишкекте таанышынын 75 млн сомдук мүлкүн сатып кеткендер кармалды  

Бишкекте таанышынын 75 млн сомдук мүлкүн сатып кеткендер кармалды  

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 2025-жылдын февраль айында А.Ч. аттуу жаран Свердлов РИИБге арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш болгон Д.З жана Ф.Д аттуу жарандар анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен Асанова көчөсүндө курулуп жаткан батирин сатып жиберип, унаасын да ээлеп алышканын билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 75 миллион 527 миң 733 сомду түздү.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Ф.Д., 1978-жылы туулган Д.З. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Алар Бишкектеги №1 СИЗОго киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>