Бишкекте жүргүнчү жол акысын төлөбөй, таксистке кол салып, акчасын алып кеткен

Бишкекте жүргүнчү жол акысын төлөбөй, таксистке кол салып, акчасын алып кеткен

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо фактысына шектелген жаранды кармашты.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-октябрда милицияга арыз менен таксист Н.Б. кайрылган. Таксисттин айтымында, ошол эле күнү Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде анын жүргүнчүсү 1150 сом жол кире акысын төлөөдөн баш тарткан. Аны учтуу нерсе менен коркутуп, таксисттен 500 сом алып, андан соң изин жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан «Каракчы» профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган — ал 1985-жылы туулган С.Р. экени аныкталган. Шектүү кармалып, Биринчи Май РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Маалым болгондой, кармалган жаран буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш иштери боюнча бир нече жолу соттолгон. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>