Бишкекте талап-тоноо менен алектенген деп шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Милиция билдиргендей, 23-октябрда таңкы саат 05:30да Кара жыгач токоюнда топ бала шаар тургунуна күч колдонуп, iPhone 8 телефонун жана 6 миң сом акчасын тартып алган. Тонолгон жаран милицияга карыз жазган.
Аталган факт боюнча «тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштерине киришкен милиция кызматкерлери кылмышкерлер Honda Fit унаасы менен жүргөнүн аныктаган. Натыйжада шектүү катары 20 жаштагы Ж.А., 23 жаштагы Т.К. жана 26 жаштагы А.Т. аттуу жарандар кармалган.
Милиция билдиргендей, кармалгандар тоноп алган телефондорун күрөөканага калтырып, андан түшкөн акчаны өз кызыкчылыктарында коротуп салган. Учурда шектүүлөрдүн башка тоноо фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.
Укук коргоо органдары шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0777 031 515 же 102 номерине кабар берүүнү суранат.