Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө

Бишкек шаарындагы «Буффет» ашканасында тамак-аштан массалык уулануудан кийин медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 20 адамга жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргенин ЖМКлар жазууда.
Башкы дарыгердин айтымында, кайрылгандардын 19у ооруканага жаткырылган. Ал эми бир бейтаптын абалы оор болгондуктан, ал жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Учурда анын абалы жакшырып калгандыгына байланыштуу жалпы палатага которуу маселеси каралууда.
Кечээ, 11-мартта, Бишкектеги «Буффет» ашканасынан тамактанган 13 жаран массалык түрдө ууланып, ооруканага кайрылышканы маалымдалган. ЖМКлардын маалыматында, уулануу Байтик Баатыра 18 көчөсүндөгү ашканада болгон. Ашкана жабылып, 23 миң сом айып пул салынган.