Бишкектеги коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы рейд жүрүп жатат. Мэриянын маалыматында ага акимчиликтер, райондук ички иштер бөлүмдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тартылган.
Текшерүүдө 14 протокол түзүлүп, 182 миң сом айып салынды.
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз