Чүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалдыТокмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалды
Бишкекте таштанды жайлары алынып, ордунда таштанды талаасы пайда болууда
04.09.2025 | 13:44
Бишкекте таштанды жайлары алынып, алардын ордуна таштанды талаасы пайда болууда. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине окурман кабарлап, видео жөнөткөн.

Видеодо ал үйүлгөн таштандыларды көрсөтүп, таштанды жайы алынгандан кийин деле адамдар ал жерге таштандыларды ыргытып жатышканын айткан.
Окурмандын айтымында, «Тазалык» ишканасынын унаалары таштандыларды жумасына бир жолу алып кетишет, бирок бул жетишсиз. Таштандылар үйүлүп калбашы үчүн, аларды бир жумада жок эле дегенде үч жолу алып кетүү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом