Бишкекте топ адамдар шаар тургунун сабап, унаасын тартып алып, $47 миң опузалаган

Бишкекте топ адамдар шаар тургунун сабап, унаасын тартып алып, $47 миң опузалаган

Бишкекте шаар тургунунан 47 миң доллар опузалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, сентябрдын аяктарында милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, «Аю грант» соода борборунун жанында топ адамдар аны ур-тепкиге алып, «Хундай» унаасын тартып алган. Андан тышкары 47,3 мин доллар талап кылышкан. Акчаны бербесе сабап кетерин айтып коркутушкан.

Аталган факт боюнча «опузалап акча талап кылуу» беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 42 жаштагы жаран (Т.М.) кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>