Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте троллейбус айдоочулардын айлыгы көтөрүлөт
15.02.2022 | 09:00
Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорулатылгандан кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.
«Мындай чечимди мэр Айбек Жунушалиев эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин тыкыр көзөмөлгө алгандан кийин кабыл алды», – деп жазат басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика