Бишкекте турак үйгө кирип акча жана алтын уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте турак үйгө кирип акча жана алтын уурдаган шектүү кармалды

Бишкек шаарында 33 жаштагы жаран турак үйдөн жалпы суммасы 1 млн 454 миң сомду түзгөн акча жана алтындарды уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 30-декабрь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, Чынгыз Айтматов дарегинде жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар кирип, акча каражаттарын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада келтирилген чыгымдын суммасы 1 млн 454 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөөнүң жыйынтыгында мурда уурулук фактысы менен соттолгон 33 жаштагы Ж.Н. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>