Борбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштады
Бишкекте тургун шылуунга алданып, унаадан жок же акчадан жок калды
16.05.2024 | 14:14
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-апрелде милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, М. аттуу жаран андан 31 миң долларлык Toyota Land Cruiser унаасын “сатып берем” деп алган. Андан кийин унааны 24 миң долларга сатып, ал акчаны өзүнүн карыздарына берип салган.
Аталган фактыга байланыштуу “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары милиция 41 жаштагы М.Д. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0705 777 505, 0704 237 309 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.