Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-апрелде милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, М. аттуу жаран андан 31 миң долларлык Toyota Land Cruiser унаасын «сатып берем» деп алган. Андан кийин унааны 24 миң долларга сатып, ал акчаны өзүнүн карыздарына берип салган.
Аталган фактыга байланыштуу “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары милиция 41 жаштагы М.Д. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0705 777 505, 0704 237 309 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.