Бишкекте түнкүсүн жарандарга уйку бербеген айдоочуларга айып салынды

Бишкекте түнкүсүн жарандарга уйку бербеген айдоочуларга айып салынды

Бишкек шаарында түнкүсүн жарандарга уйку бербеген айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү шаар ичинде жарандарыбызга түнкүсүн уйку бербей, оорулуу жарандардын, кары-картаң апалардын тынчын алып, унааларына каттуу үн чыгаруучу каражаттарды орноштуруп алган 5 айдоочуну кармашты.

Аларга Укук бузуу Кодексинин 194-беренесине ылайык, мыйзамсыз жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды орнотуп алгандары үчүн ар бирине 5500 сомдон айып салып, унааларын айып короо жайына токтотушту.

Мындан ары да коомчулуктун тынчын алган айдоочуларга мыйзамдын чегинде  каттуу чаралар көрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>