Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атады
Бишкекте унааны алып, акчасын бербей койгон деп эркек киши кармалды
21.01.2025 | 18:37
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылы 12-сентябрда бир адам (Д.С.) аял кишиден (С.А.) 24 миң долларлык Jetour X70 Plus унаасын алып, акчасын 10 күндүн ичинде берем деп, ошону менен жок болуп кеткен. 4-декабрда аял киши милицияга арыз жазган.
Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 44 жаштагы Д.С. аттуу жаран кармалган.
Учурда анын ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0505 66 01 11 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.