Бишкек шаарында 170дей кыз-келин билим алып жаткан кыздар медресеси уруксат кагаздары жок иштеп жаткандыгы аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаардык милициясынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 28-30-май күндөрү шаардын аймагында “Экстремист” аталыштагы ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө, 170ге жакын кыз-келин билим алып жаткан кыздар медресеси тийиштүү мамлекеттик органдардан уруксат кагаздары жок иштеп жаткандыгы аныкталган. Кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Укук бузуулар кодексинин 142-беренесине ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле тийиштүү документерди алганга чейин диний окуу жайдын ишмердүүлүгү толугу менен токтотулган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси негизинде, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Йакын-Инкар” диний уюмунун мүчөлөрү аныкталып, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.