Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугуштуМаматалиев: Жер сатылат деген маалыматты тараткандардын арасында депутаттар да болгон«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралууКыргызстан көкпар боюнча биринчи оюнда Монголияны 12:1 эсебинде талкаладыКыргызстан Мисир өлкөсү менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдөТаластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттоло баштады
Бишкекте жаңы ипподромдун жанына “Ак-Кула” көмөк чордону курулду
02.06.2025 | 12:33
Бишкек шаарында жаңы “Ак-Кула” көмөк чордону курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы көмөк чордон эски ипподромдун аймагында жайгашып, “Жал”, “Рабочий городок”, “Ипподром” райондорунун жана Мамлекеттик ипотеткалык компания куруп жаткан жаңы үйлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылат.
“Ак-Кула” көмөк чордону кубаттуулугу 16 миң кВА болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган, анын ичинде элегазалык өчүргүчтөр, ток трансформаторлору жана 110 кВ чыңалуудагы ажыраткычтар бар.
Бул долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы тарабынан каржыланып, Бишкек электр тармактарынын адистери тарабынан ишке ашырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика