Бишкекте вебкам-студиялардын тармагын уюштурган кылмыштуу топ кармалды

УКМК тарабынан интернет аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана ага көмөктөшүү фактысы боюнча Ч.у.Э., Н.А.К., Р.Б.Р. жана А.к.Ш. аттуу жарандар кармалды. Алар Бишкек шаарында вебкам-студияларды уюштуруп, алардын иштөөсүн камсыз кылган.
Тергөө учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өз иштерин жашыруу максатында шаардагы ар кайсы батирлерди ижарага алышканы аныкталган. Батирлерден веб-камералар, жарык берүүчү жана компьютердик жабдуулар, эротикалык кийимдер жана атрибуттар, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү онлайн көрсөтүүлөр үчүн колдонулган оюнчуктар табылып алынган.

Вебкам-моделдер социалдык тармактар аркылуу чогултулган. Аларга карата административдик чаралар көрүлдү, ал эми уюштуруучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.