Бишкекте ысык суу 1-июндан тартып өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан кабарлашты.
Ысык суу берүү жыл сайын бир айга токтотулат. Бул убакыт аралыгында түтүктөр жана башка жабдуу тазаланып, оңдолот.
Бишкек мэриясы 1-июндан тарта шаардагы фонтандар иштей баштаарын кошумчалады.