Бишкекте Жаңы жыл күнү кандай аба-ырайы күтүлөт?

Бишкекте Жаңы жыл күнү кандай аба-ырайы күтүлөт?

Бишкекте Жаңы жыл түнү аба-ырайы кескин сууктайт. Gismeteo.ru’нун билдирүүсүнө ылайык, температура -14 градуска чейин төмөндөйт.

31-декабрда жана 1-январда булут каптап, күн бүркөк болот. Күндүз күн суук болуп, -3 градуска жетет.

Accuweather компаниясынын алдын-ала маалыматы боюнча, 31-декабрда күндүз аба-ырайы -1 градуска түшүп,  каар жаашы күтүлөт. 1-январга караган түнү аба-ырайы -11 градуска чейин төмөндөп, кар жаабайт.
Кыргызгидромет жогоруда айтылган прогноздун тактыгына жооп бере алышпай турганын билдирди. Аба-ырайы тууралуу так  маалымат Жаңы жылга бир жума калганда айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>