«Музейдеги түн» акциясын чагылдырган сүрөттөр

«Музейдеги түн» акциясын чагылдырган сүрөттөр

18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата Улуттук тарых музейинде “Музейдеги түн — 2024” акциясынын алкагында 50гө чукул иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Майрамдык иш- чарага Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун эл аспаптар ансамблинин концерти, Кыргыз Улуттук «Манас» театры, “Кийиз дүйнө” , «Аталар изи», “Нур кыргыз” этнографиялык коому, Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын жаш дизайнерлери, Бишкектеги бир катар ЖОЖдордун студенттери, карапачы-чеберлер, скульпторлор жана башка ар тармактын өкүлдөрү активдүү катышты.

Кызыктуу жана ар тармактуу иш-чарада кыргыздын нукура улуттук кийимдери, аймактык салттуу кийимдер, жаштардын жана бөбөктөрдүн этникалык кийимдери, Кыргызстандагы археологиялык изилдөөлөр жөнүндө кыскача тасмалар, жаш өспүрүмдөр үчүн интерактивдүү археологиялык оюн-сабактар, жоокерлердин кийимдери, курал-жарактары, согуш ыкмалары калыбына келтирилген орто кылымдагы жоокерлердин жүрүшү, чимирик менен керамика карапаларын жасоо ыкмалары, керамикалык экспонаттарды реставрациалоо, кыргыз улуттук кийимдеринин жана Памир кыргыздарынын каляктарынын көргөзмөсү, улуттук оюндар жана башка кызыктуу аянтчалар иш алып барды.

Иш-чара акысыз өтүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн эл аралык музей күнүнө болгон белек катары тартууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>