Пакистандык студенттердин биринчи тобу Бишкектен учуп кетишти (видео)

Пакистандык студенттердин биринчи тобу Бишкектен учуп кетишти (видео)

Бишкек шаарынан атайын рейс менен учкан пакистандык студенттердин биринчи тобу Пакистандын Лахор шаарына келишти, деп жазат WE news. 

Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алды. Студенттер 18-майга караган түнү болгон окуядан кийин кете башташты.

Ошондой эле, 19-майда Бишкекке Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар жана Кашмир иштери боюнча федералдык министри Амир Мукам келери, мындай чечимди премьер-министр Шехбаз Шариф кабыл алганы маалымдалды.

Сапардын алкагында Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Бишкектин өкмөт өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, жабыркаган студенттерге колдоо көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болуп, андан кийин 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 200-300дөй адам чогулган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында 18-майга караган түнү болгон окуянын хронологиясын жарыялаган.

Бишкекте түндө болгон окуянын хронологиясы (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>